18:33 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Азия чемпионатында Жуманазарова алтын утуп, Марсбек кызы күмүш алды. Видео

© Фото / Facebook / United World Wrestling
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
531 0 0

Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатында юниорлор арасындагы беттеште алтын утту. Кармашты түз эфирден Күрөш боюнча дүйнөлүк уюм түз эфирде көрсөттү.

Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.

Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинки категорияда ат салышты. Ал эки атаандашын жеңип, финалда япониялык спортчу менен кармашты. Аны 8:6 эсебинде жеңип алды.

Ошол эле учурда Назира Марсбек кызы чемпионатта күмүш байгеге татыды. Ал чейрек финалда Вьетнам менен Кытайдын балбан кыздарын утуп, финалдык беттеште Индиядан келген спортчуга утулуп калган.

Учурда Кыргызстандын капчыгында бир алтын жана үч күмүш медаль бар. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков менен Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш уткан.

Тема боюнча

Күмүш медаль! Таиланддагы чемпионатта тартылган кыргызстандык балбандын видеосу
Белгилер:
Назира Марсбек кызы, Мээрим Жуманазарова, күрөш, Азия чемпионаты

ЭҢ МААНИЛҮҮ