Бразилия футбол боюнча Америка чемпиону болду

© REUTERS / Henry RomeroФинал кубка Америки. Бразилия и Перу
Финал кубка Америки. Бразилия и Перу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда бул кубокту 12 жыл мурда уткан.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бразилиянын футбол боюнча курама командасы Америка кубогун жеңип алды.

Игроки футбольных сборных Аргентины и Чили Лионель Месси и Гари Медель устроили потасовку во время матча Кубка Америки в Сан-Паулу, Бразилия. - 6 июля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирине атырылган Месси менен Медель оюндан четтетилди. Видео
Кечээ, жекшемби күнү, Рио-де-Жанейронун "Маракана" стадионунда континент биринчилигинин финалы болуп өттү. Бразилиялыктар өз үйүндө Перунун курама командасы менен беттешти.

Мелдеш 3:1 эсебинде аяктады. Мындай жыйынтыкка Эвертон (15-мүнөттө), Габриэль Жезус (45-мүнөттө) жана Ришарлисондун (90-мүнөттө) киргизген голдору жеткирди. Перулуктардын жападан жалгыз голун 44-мүнөттө Хосе Паоло Герреро киргизди.

Муну менен Бразилия тогузунчу жолу чемпион болду. Алар акыркы жолу турнирди 2007-жылы утуп алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0