Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер менен мушташып кете жаздады. Видео

© AP Photo / John LocherРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкер көрүүчүлөр отурган залда араздаша кеткен.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. UFC 239 турнири учурунда россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Нейт Диас мушташып кете жаздаганын Р-Спорт агенттиги билдирди.

Окуянын видеосу Twitter баракчасына жарыяланды.

​Эки мушкер көрүүчүлөр отурган залда араздаша кеткен. Күбөлөрдүн айтымына караганда, Диас ордунан туруп Нурмагомедов жана анын командасы отурган секторго барган. Ошол жерде экөө бир аз айтышып, команда мүчөлөрү да бири-бирине сес көрсөтүп, мушташып кете жаздаган.

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун жеңил салмактагы категориясы боюнча чемпиону. Ал эми Нейт Диас 2016-жылдан бери беттешке чыга элек, ал ушул жылдын август айында октагонго кайтып, Энтони Петтис менен күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0