Кыргызстандык жаш балбандар Азия чемпионатында ат салышат

Жазылуу
Мелдеште катышуучулар грек-рим, эркин күрөш боюнча таймашат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчилик 9-июлдан 14-июлга чейин Таиланддын Чонбури провинциясында өтөт. Мелдешке Кыргызстандын атынан 16 кыз-бала катышып, алар грек-рим, эркин күрөш боюнча ат салышат.

Ата мекендик балбандарды аталган чемпионатка катыштыруу үчүн мамлекет тарабынан 2,5 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0