Нарында эл аралык эр таймаш боюнча турнир өтөт

Жазылуу
Спорттук иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бүгүн, 6-июлда, Нарын облусунун Куланак айылында "Кулатуу Эртаймаш WEF 81 PROFGIGHT 34" боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Чехияда өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду алган ата-бала — Эрали Аскарбек жана баласы Эржигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чехияда чемпион болгон ата-баланы Ош шаарынын мэри сыйлады
Спорттук иш-чара президенттин жарыялаган региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналып, аймактарда жашаган жаштарды спортко жана дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлөт.

Аталган эл аралык турнир Нарын облусунун "Кулатуу Эртаймаш WEF" федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускуловдун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0