04:20 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Чехияда өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду алган ата-бала — Эрали Аскарбек жана баласы Эржигит. Архив

Чехияда чемпион болгон ата-баланы Ош шаарынын мэри сыйлады

© Sputnik / Дильноза Алымова
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
225 0 0

Мэр биринчи жолу ата-бала бир аренада чемпион болгонун укканын айтып, акчалай сыйлык тапшырды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спорттун жиу-житсу түрү боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду алган ата-бала — Эрали Аскарбек уулун баласы Эржигит менен чогуу сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа жетекчиси жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды.

"Ата-баланын бир учурда алтын утушу өзгөчө жаңылык болду. Ата-баланын чемпион болушу, Кыргызстандын желегин башка өлкөдө желбиретиши мени кубантты. Алдыдагы мелдештерге ийгилик каалайм", — деди мэр.

46 жаштагы Эрали Аскарбек уулу эки баласы Эржигит жана Азамат менен Чехиянын Прага шаарында 17-18-май күндөрү 32 өлкөдөн келген спортчулардын катышуусунда өткөн чемпионатка катышкан.

Анда өзү жана уулу Эржигит алтын утуп, экинчи уулу күмүш медаль уткан.

Эрали Аскарбек уулу Бишкектеги спорт клубдардын биринде машыктыруучу болуп иштейт. Балдарын өзү спорт менен машыктырат.

Ата-бала чемпионаттан келгенден кийин ийгиликтери жана даярдыктары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берген.

Тема боюнча

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек
Шевченко күрөшкө басым жасап... Мушкердин Кытайдагы машыгуусунан сүрөттөр
Белгилер:
джиу-джитсу, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ