Болушу мүмкүнбү? Ысык-Көлдү айлана чуркаган жоокер боюнча жөө күлүктөрдүн пикири

© © SputnikУлуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев
Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги тажрыйбалуу спортчулардан жөө күлүктүн узак аралыкты чуркап өтүшү боюнча пикирин сурады.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырымды чуркап өттү. Ал 26-июнда саат 19.00дө Балыкчы шаарынан чыгып, Тоң, Караколду аралап өтүп, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Атага кирип келген. Бул туурасында Улуттук гвардиянын маалымат кызматы кабарлаган.

Кыргызстанский марафонец Адилет Кыштакбеков - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы марафондо биринчи келген Адилет: жарыш алдында 20 саат ачка жүрдүм
Ал эми бүгүн КРдин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев Рапиевге "Аскер кызматындагы өзгөчөлүгү үчүн" II даражадагы медаль тапшырды.

Деген менен жоокердин 374 чакырымды чуркап өткөнүнө ишенбей, шек санагандар да болууда. Социалдык тармактын колдонуучулары "мындай болушу мүмкүнбү?" деген күмөндүү ойлорун билдиришүүдө. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тажрыйбалуу спортчулардын пикирин угуп көрдү.

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын Чолпон-Ата шаарындагы өкүлү Владимир Дедов мындай рекорд өлкөдө буга чейин катталбаганын айтты.

"Менин оюмча, ал чуркап өтүшү мүмкүн, ишенсек болот. 27 жашта экен, болуп-толуп турган убагы. Ага деле элди алдоонун кажети жок болсо керек. Анын кандай даярданганын, эмнеге жөндөмдүү экенин көрүшүбүз керек. Ошондон кийин көбүртүп жибердиби же жокпу билинет. Мындай жыйынтыкты көрсөтүү үчүн бир жыл такай машыгуу зарыл. Кыргызстанда мындай рекордду уга элек болчумун. Бирок Белоруссияда досторубуз бир суткада 291 чакырымга чуркачу. 500 чакырымга чуркагандар да болгон. Алар эреже менен канча бир аралыктан кийин жарым саат эс алат. Артынан бирөө жүрүп, азыктандырып турат", — деген пикирин билдирди Дедов.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова чет өлкөдө эки-үч сутка чуркагандар болорун билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөт
"Болушу мүмкүн. Кыргызстанда мындай учурду уккан эмесмин. Бирок башка өлкөлөрдө эки-үч сутка чуркагандар болот. Ал жоокер экен, демек, даярдыгы жакшы чыгар. Ал эми меники башкача система, профессионалдык спорт менен машыгам, узак аралыкка чыккан эмесмин", — деди Маслова.

2018-жылы Кытайда Шанхай кызматташтык уюму тарабынан уюштурулган марафондо жана быйыл ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык турниринде (41,1 чакырым) биринчи орунду алган Адилет Кыштакбеков мындай болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

"44 саатта 374 чакырымды чуркап өтө албайт го... Кыйналып калса керек, чуркаш кыйын. Менин оюмча мүмкүн эмес. Биздин машыгуудагы бир айда чуркаган аралыкты кошкондо 600-700 чакырым чыгат", — деди Кыштакбеков.

Кайратбек Рапиев мурда дагы Балыкчыдан Бишкекке чейин чуркап, 22 саатта 190 чакырым аралыкты артта калтырган. Эми америкалык Дин Карнасистин рекордун жаңылоону пландап жатат. Карнасис 2005-жылы 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө уктабай чуркап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0