"Жүрөктү сууруп...". Нурмагомедов Макгрегор менен болгон беттеш тууралуу жазды

© AP Photo / John Locher Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен беттеш учрунда. Архив
 Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен беттеш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы Россия мушкери ирландиялык атаандашын UFC алкагындагы беттеште жеңип алган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен беттеште кандай сезимдер болгонун айтып берген.

UFC Russia Instagram тармагына Нурмагомедовдун беттеште үстөмдүк кылып, аны октагондо муунтуп жаткан сүрөтүн жарыялап, бул ирмемге эмоциясын жазууну өтүнгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Хабиб кыска-нуска, "жүрөктү сууруп алуу" деген комментарий калтырган.

2018-жылы 6-октябрда россиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титулун коргоп калган. Нурмагомедов уткандан кийин октагондон секирип чыр чалган. Көп өтпөй окуянын чоо-жайы белгилүү болду. Анткен менен Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы россиялык спортчуну тогуз айга дисквалификациялап, 500 миң долларга айыпка жыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0