"Дордой" клубу “Алтын Асырга” жеңилди. Байматов өз дарбазасына гол киргизип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч группового этапа АФК "Дордой" — "Алтын Асыр"
Матч группового этапа АФК Дордой — Алтын Асыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Түркмөнстандын борбор калаасында өттү.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкектик “Дордой” футбол клубу Ашхабаддын (Түркмөнстан) командасына 1:3 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Бывший президент УЕФА Мишель Платини - Sputnik Кыргызстан
UEFA уюмунун экс-президенти Мишель Платини коррупция иши боюнча камакка алынды
Оюн 19-июнда Ашхабадда өткөн. 23-мүнөттө түркмөнстандык Алтымурад Аннадурдыев дарбазага топ киргизип эсепти ачкан. 62-мүнөттө “Дордойдун” оюнчусу Азамат Байматов өз дарбазасына гол киргизип алган. Ал эми 86-мүнөттө кыргызстандык Эрнист Батырканов каршылашынын дарбазасына топ киргизсе, акыркы голду “Алтын Асырдын” Мурад Ягшиев аттуу оюнчусу 89-мүнөттө киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0