Мушкер Барчынай Узгенбаева Америкадагы турнирге алгачкы ирет катышат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева
Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Кыргызстандын жана Казакстандын спорттук уюмдарында күчүн сынап келген.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева кийинки беттешин АКШдагы WXC (Warrior Xtreme Сogefighting) турниринде өткөрөт. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Uzgenbaeva Barchynai (@bagiuzgenbaeva)

Мушкердин айтымында, мелдеш 3-июлда Мичиган штатындагы Детройт шаарында өтөт. Анда ал 61 килограмм салмакта жергиликтүү спортчу менен беттешерин айткан.

Узгенбаева буга чейин Кыргызстандын WEF жана Казакстандын MMA Alash Pride спорттук уюмдарында күчүн сынап келген.

Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү
Эске сала кетсек, былтыр Узгенбаева WEF Global турниринин алкагында өзбекстандык Шахзода Рахимованы утуп алган. Кийинчерээк атаандашы аны реванш-беттешке чакырып, кайрадан кыргызстандык кызга утулуп калган.

Барчынай Узгенбаеванын грэпплинг боюнча мастер-классын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарткан видеодон көрсөңүз болот.

Ал эми мушкердин бала чагы, үй-бүлөсү, спорттук жолу тууралуу маек да даярдалган.

Узгенбаева октагон менен чектелбей, спортчу кыздар арасындагы сулуулар сынагына катышып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0