Шевченко июлда эле кайра беттешке чыгышы мүмкүн. Атаандашы ким

© AFP / Rey Del Rio / GETTY IMAGES NORTH AMERICAТурнир UFC 238. Валентина Шевченко — Джессика Ай
Турнир UFC 238. Валентина Шевченко — Джессика Ай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды нокаутка кетирип, наамын коргоп калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. UFC жетекчилиги Валентина Шевченкону кийинки айда беттештирүүнү карап жатат. Бул туурасында ESPN басылмасынын журналисти Ариэль Хельвани билдирди. Ал спорттук уюмдун негизги инсайдери катары таанымал.

Анын айтымында, Шевченконун кийинки атаандашы америкалык Лиз Кармуш болушу ыктымал. Алар буга чейин октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкердин үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калганы айтылат.

"UFC уюмунун Сан-Антониодогу турнирине мэйн-ивент (кеченин беттеши — ред.) керек. Варианттардын бири катары Шевченко менен Кармуштун чемпиондук наам үчүн кармашы каралууда. Шевченко 2010-жылы Кармушка утулуп, аралаш мушташтагы алгачкы жеңилүү ызасын тарткан", — деп жазган Хелвани Twitter баракчасына.

Ал мушкерлердин кез келиши 20-июлда Сан-Антониодо өтө турчу UFC уюмунун негизги мелдеши болорун кошумчалаган.

Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды экинчи раундда башка тээп, чемпиондук наамын коргоп калган. Атаандашы оор соккудан өзүнө бир топтон кийин келген. Бул спортчунун наамын биринчи ирет коргошу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0