Ондогон кыздын ичинен "Футбол сулуусу" аныкталды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу - 2019" сынагынын жеңүүчүсү Гаухар Мурзалиева
Футбол сулуусу - 2019 сынагынын жеңүүчүсү Гаухар Мурзалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан он кыз катышса, финалда үчөө ат салышты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Футбол сулуусу - 2019" сынагынын жеңүүчүсү Гаухар Мурзалиева болгондугун КРдин Футбол федерациясынын кабарлашты.

Конкурс кечээ аяктады.

Жеңүүчүлөр добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталды. Ал аталган федерациянын социалдык тармагында уюштурулган.

Эми Мурзалиева КРдин Футбол федерациясынын атынан эл аралык иш-чараларга катышып, сүрөттөргө жана видеолорго тартылмакчы.

Жалпысынан он кыз катышса, финалда үчөө ат салышты.

Федерациядан жеңүүчү туурасында толук маалымат жакында боло турчу сыйлоо учурунда берилерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0