Борбордо 300дөй көркөм гимнаст катышкан мелдеш өтөт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКөркөм гимнастика. Архив
Көркөм гимнастика. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 15-16-июнь күндөрү борбордогу мектеп-гимназиялардын биринде болмокчу.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте көркөм гимнастика боюнча I BIGSER CUP аталышындагы ачык турнир өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш 15-16-июнь күндөрү борбордогу мектеп-гимназиялардын биринде болмокчу.

"Турнирге Кыргызстандын жана Казакстандын облустарынан келген 300дөй спортчу катышат. Алардын курагы 4 жаштан 16 жашка чейин", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин максаты — өлкөдө көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, мыкты гимнасттарды тандап алуу жана эл аралык мамилелерди чыңдоо экендиги белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0