Шевченконун UFC уюмундагы рейтинги бир сапка жогорулады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды нокаутка кетирип, наамын коргоп калган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко акыркы беттешинен кийин аталган уюмдагы рейтинги бир сапка жогорулады. Спорттук промоушендин тизмеси Чикагодогу UFC 238 турниринин жыйынтыгы менен чыгарылган.

Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды экинчи раундда башка тээп, чемпиондук наамын коргоп калган. Атаандашы оор соккудан өзүнө бир топтон кийин келген.

Турнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай - Sputnik Кыргызстан
Шумдук тепти! Шевченконун атаандашы Жессика Ай үн катты. Видео
Спортчу буга чейин UFC уюмунун 15 мыкты мушкеринин катарына кирип, акыркы саптарда турган. Соңку кармашынан кийин ал мурдагы чемпион Тайрон Вудлинаны артка калтырып, 13-орунга илинди.

Тизменин сап башында адаттагыдай эле оор салмактагы чемпион Даниэль Кормье, экинчиде жарым оор категориядагы курдун ээси Жон Жонс турат. Үчүнчү катарда россиялык Хабиб Нурмагомедов, ал эми тогузунчу орунда ирландиялык Конор Макгрегор турат. Шевченконун эзелки атаандашы Аманда Нуньес тизмеде алтынчы болуп келе жатат.

Кыргызстандык мушкер өз салмагында абсолюттук чемпион бойдон калууда.

Спортчу Айды уткандан кийин сый акысы канча болгонун материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0