Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

© Фото / Самарбек Сабыржан уулуКыргызстанский спортсмен Эрали Аскарбек уулу с сыновьями
Кыргызстанский спортсмен Эрали Аскарбек уулу с сыновьями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жиу-житсу боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатына кыргызстандык Эрали Аскарбек уулу эки баласы менен барып, алтын утуп кайтышты. Спорттун тарыхында дүйнөдө биринчи жолу ата-бала бир аренада чемпион болгонун айтышат. Мындан сырткары, экинчи уулу дагы бир күмүш медаль уткан.

Аталган чемпионат 17-18-май күндөрү Чехиянын Прага шаарында 32 өлкөнүн катышуусу менен өткөн. Ага Кыргызстандан Эрали Аскарбек уулу Эржигит жана Азамат аттуу балдары менен барып, төрт медаль утуп алышты. Муну менен алар чемпионатка келгендерди да таң калтырышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чемпион жана чемпиондордун атасы менен баарлашты.

© Sputnik / Дильноза АлымоваКыргызстандык Эрали Аскарбек уулу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Эрали Аскарбек уулу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду

— Алгач сиздерге ийгилик жылмайган чемпионат тууралуу айтып берсеңиз.

— Биз катышкан чемпионаттын деңгээли аябай жогору экен. Кыргызстандан эки балам менен үчөөбүз барганбыз. Мен 47 жашта болгондуктан мастерлер категориясында беттештим. Чоң уулум Эржигит чоңдор арасында 62 килограмм салмак категориясында, кичүүсү Азамат жаштар арасында 66 килограмм чен бирдикте күчүн сынады.

© Фото / Самарбек Сабыржан уулуЭрали Аскарбек улуу Чехиянын Прага шаарындагы дүйнө чемпионатына эки баласы менен барган. Натыйжада үч алтын, бир күмүш утуп келишти.
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Эрали Аскарбек улуу Чехиянын Прага шаарындагы дүйнө чемпионатына эки баласы менен барган. Натыйжада үч алтын, бир күмүш утуп келишти.

— Улуу балаңыз Эржигит экинчи медалын кантип утту?

— 62 менен 69 килограммдар жанаша жерде таразага түшүп жаткан. Эржигит адашып биринчи 69 килограммга түшүп алган экен. Анан 62 килограммдар бүткөндөн кийин кайра чакырып калышты. Ал жерде баары ирети менен болгондуктан, айтып түшүндүрүш кыйын болду. Эржигит өзү да ээлигип: "Атым чыгып калгандан кийин күрөшө берейинчи, ата",- деп суранды. Биринчи айлампада беш атаандашын жеңди, мындан жеңилсе да тажрыйба топтойт деп чыгырып жибердим. Ал төрт беттеш өткөрүп финалга келгенде жеңилип калды. Анда да 2:0 эсеби менен утуп бараткан. Бир мүнөт калганда туура эмес ыкма жасай коюп, мелдештен четтеп калды. Эки финалда тең германиялык спортчу менен кармашты.

© Sputnik / Дильноза АлымоваАскарбек уулу: Эки уулум тең жеңип, мага кезек келгенде жүрөк ток болуп, атаандаштардын ким экенине да көңүл бурбай калдым.
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек уулу: Эки уулум тең жеңип, мага кезек келгенде жүрөк ток болуп, атаандаштардын ким экенине да көңүл бурбай калдым.

— Эки балаңыз чемпион болгондон кийин сиз да чемпион болууга умтулдуңузбу же көңүл ток болуп калдыбы?

— Ыйык орозо айында Кудай оомат берди окшойт. Жок дегенде бирөөбүз жеңип, желегибизди желбиретсек деп жаттык эле. Анан эки уулум тең жеңип, мага кезек келгенде жүрөк ток болуп калды. Атаандаштардын ким экенине да көңүл бурбай койдум. Бирок колун жер таптатып, таза утуп жаттык. Эгер упай менен эсептегенде, өзүлөрүнө тартып коюшмак. Себеби мен да, кичүү балам да финалда чех менен чыктык да.

Ошентип үчөөбүз тең чемпион болуп калдык. "Кыргызстандан бир үй-бүлө келип утуп кетти" деп кызыгып, журналисттер балдарымды бир жакка, мени бир жакка тартып кетишти. Аларга «Кыргызстандын курама командасы келсе, мындан да башкача болмок» деп койдум. Ата-бала бир аренада дүйнө чемпиону болгону таң калтырыптыр. Мындай учур дүйнөдө болбоптур да. Спортчулар да "Кайсы жерден келдиңер?" деп сурап жатышты. Ушуну менен жашымдан бери тилек кылган ниетиме жеттим. Өзүм да, балам да чемпион болсо деп кыялданчу элем. Мындан башка да машыктырган көп спортчуларым бар, алар менен жакында Румынья, Россияга барабыз.

© Фото / Самарбек Сабыржан уулуАскарбек уулу 20 жылдан бери спорт тармагында жүрөт. Мурда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана дзюдо менен алектенген.
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек уулу 20 жылдан бери спорт тармагында жүрөт. Мурда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана дзюдо менен алектенген.

— Өзүңүз канча жылдан бери спорт менен машыгасыз?

— Өзүм Алайдан болом, учурда Бишкектеги спорт клубдардын биринде жиу-житсу, грэпплинг боюнча машыктыруучу болуп иштейм. 20 жылдан бери спорт менен алектенем. Мурда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана дзюдо менен машыккам. Ал эми грэпплинг, жиу-житсу менен шугулдана баштаганыма үч жылдын жүзү болду. Өзүм да күрөшөм, балдарды да машыктырам.

Жыл сайын мелдештерге катышып турам. 2015-жылы дзюдо боюнча Испаниядан, Амстердамдан байгелүү келдим. 2017-2018-жылдары жиу-житсу боюнча Астанадагы дүйнө чемпионатында 1-орунду алгам. Быйыл Азияны утуп, анан дүйнө чемпионатына аттанганбыз.

© Sputnik / Дильноза АлымоваДүйнө чемпионатынан бир алтын, бир күмүш уткан Эргижит Эрали уулу
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионатынан бир алтын, бир күмүш уткан Эргижит Эрали уулу

— Канча балаңыз бар, спортко үй-бүлөңүздүн баары кызыгабы?

— Өзүмдүн жалгыз балам бар эле, кийинчерээк Азаматты уул кылып алдык. Чоңун 8-класстан, кичүүсүн 5-каласстан баштап машыктыра баштагам. Мени ээрчип келип залда ойноп жүрүп эле аралашып кетишти. Эржигит учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинде жогорку спорт факультетинде биринчи курста окуйт. Кыргызстанда жана Казакстанда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарга жетишкен.

© Фото / Самарбек Сабыржан уулуАзамат Нурбек уулу кадеттер арасында 66 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынап чемпион боло алды.
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек - Sputnik Кыргызстан
Азамат Нурбек уулу кадеттер арасында 66 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынап чемпион боло алды.

— Машыгуулар кандай өтөт?

— Биз каржылоо жагынан кыйналабыз. Көп жерге барганда Кыргызстанды салыштырам, биздикилер табиятынан күчтүү болот. Тилекке каршы, бизде көп спортчулар каражаты жок мелдештерге катыша албай калууда. Жакшы колдоо болсо, башка өлкөлөрдөй шарт түзүлсө, эбак эле ийгиликтерди жаратышмак. Азыр биз спортту эле эмес, тиричиликти да ойлонобуз. Бул жагына тартсаң, ары жагына жетпейт.

Ошого карабай алдыга умтулуп жатабыз. "Чемпион болду" деген жаңылыктар көп чыга баштады. Демөөрчүлөр чыгып заманбап залдарды куруп берүүдө, биздин убакта көп кабаттуу үйдүн астындагы жыттанып кеткен жер төлөдө машыкчу элек. Жаштарга айтарым, бош убактыңарды спортко арнагыла!

Жаңылыктар түрмөгү
0