Спортту жазган журналисттер Ысык-Көлдө мелдешет

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын спорт журналисттери. Архив
Кыргызстандын спорт журналисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге 50дөй журналисттин катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында спорт журналисттеринин V турнири өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 30-июнда башталып, 3-июлда жыйынтыкталат.

Программада мини-футбол, көл жээгиндеги волейбол, тогуз коргоол, эстафета жана жаш курак боюнча нормативдерди тапшыруулар каралган.

Турнирге 50дөй спорт журналистинин катышуусу күтүлүүдө. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери спорт агенттигинин медаль, кубок жана дипломдору менен сыйланары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0