Шевченконун нокауту UFC турниринде мыкты деп табылып, 50 миң доллар алмай болду

© AFP / Rey Del Rio / Getty ImagesТурнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай
Турнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чикагодогу UFC 238 турниринде Шевченкодон тышкары Дональд Серроне, Тони Фергюсон жана эки чемпиондук курдун ээси Генри Сехудо өзгөчөлөнө алды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. UFC президенти Чикагодогу турнирде мыкты беттештерди тартуулап, акчалай бонустарга ээ боло турчу спортчуларды атады. Бул туурасында ал турнир бүткөн кийинки маалымат жыйында билдирди.

Алардын арасында америкалык Жессика Айды нокаут менен уткан кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко бар.

Экинчи раундда Шевченко аны башка тээп, ал көмөлөнүп кеткен. Эми ал 50 миң доллар акчалай сыйлык алат.

​Дагы бир бонусту Марлон Мораести нокаутка кетирген Генри Сехудо алат. Ал эки салмак категориясы боюнча чемпион. Муну менен Сехудо UFC тарыхында эки кур тагынган төртүнчү спортчу болуп калды.

​Америкалык Тони Фергюсон дагы Дональд Серронени техникалык нокаут менен утуп, күйөрмандар арасында кызыктуу беттешти тартуулай алды.

​Кыргызстандык мушкер мындай акчалай бонуска биринчи жолу илинип жаткан жок. Былтыр бразилиялык Присцилла Кечоейраны UFC Fight Night 125 турниринде уткандан кийин да алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0