ТОП-14. Төрага, муфтий, депутаттар эмне менен машыгат? Залдагы тер төккөн сүрөттөр

© Фото / Азизбек БазарбаевСпорт залындагы ЖК депутаты Исхак Пирматов. Архив
Спорт залындагы ЖК депутаты Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт — ден соолуктун булагы. Мындай пикирди карманган кыргыз саясатчылары да арбын экендиги маалым болду. Айрымдары спорт менен ден соолукту чыңдоо үчүн машыкса, кээси мелдештерге катышып, жашында чемпион болуптур.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорт менен алектенген саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди тизмектеди. Машыгуу учурундагы ирмемди көрүү үчүн сүрөттү басуу керек.

Жиу-житсучу спикер

Төрага Дастан Жумабеков эки жыл мурда NAGA-грэпплинг боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынган. Өзүнүн залында спорттун бокс, жиу-житсу, грэпплинг жана башка түрлөрү менен алектенет. Спикердин "өзгөчө" спарринг өнөктөшү тууралуу редакция даярдаган видеодон көрүңүз.

Жөө күлүк Алтынбек Сулайманов

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бала чагынан тарта эркин күрөш, бокс менен машыкканына карабай мелдештерге катышкан эмес. Учурда фитнес жана чуркоо менен алектенип келет. Борбордо өзү ачкан залга каалаган убакта барып машыгып турат экен.

Балбан Мелис Турганбаев

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев эркин күрөш менен 5-классынан тарта машыгып келет. Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайдын бүтүрүүчүсү, күрөш боюнча спорт чебери. КРдин Күрөш федерациясынын вице-президенти. Ардагерлер арасындагы өткөн дүйнө чемпионатынын эки жолку коло медаль ээси.

Бильярдчы Турсунбай Бакир уулу

Саясатчы бильрядды мурда күндө ойносо, азыр азыраак убакыт бөлүп калганын айтат. 2013-2016-жылдары КРдин Бильярд федерациясынын президенти кызматын аркалаган. Ошондой эле жөө басууну жактырарын айтат.

Бакир уулу экс-акыйкатчы, Жогорку Кеңештин I, II жана V чакырылыштарынын депутаты, бир нече ирет президенттикке талапкер болгон.

Улакчы муфтий

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат Токмомушев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына берген маегинде ат тинип, улак тартарын, ден соолугуна карап спорт залга барарын айтып берген.

Дзюдочу Таалайбек Масабиров

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону. Бишкек шаарындагы Крупская атындагы республикалык жалпы орто билим берүүчү спорттук профилдеги мектеп-интернатынын дзюдо секциясында окуган. Эмгек жолун ИИМдин алдындагы "Динамо" спорттук коомуна караштуу спорттук комплексте милиция кызматкерлерин атайын даярдоо боюнча инструктор, самбо боюнча улук машыктыруучу болуп иштөөдөн баштаган. Масабиров бүгүнкү күнгө чейин дзюдону таштабай машыгып келет.

Көк бөрүчү Жыргалбек Саматов

Ал жаш кезинде көк бөрү боюнча Оштун командаларында ойногон. Эми жөн гана достору же тааныштары менен улак тартып турат. Жыргалбек Саматов учурда Эл аралык көк бөрү федерациясынын башкы катчысы. Буга чейин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясын жетектеген.

Ал 2015-жылы "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келип, бирок кийинчерээк кош жарандуулугу бар деп мандатынан ажыратылган.

Жиу-житчусу Данияр Тербишалиев

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев кичинесинен тарта бокс менен алектенип, кийинчерээк жиу-житсу, грэпплингге кызыга баштаган. Залда жөн гана машыкпастан мелдештерге дагы катышып келет. 2017-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду алган.

Денесин чымыр кармаган Жыргалбек Турускулов

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов 18 жылдан бери спорт менен алектенип келет. Мектепте окуп жүргөндө каратэ менен машыкса, Бишкекке келгенде бодибилдинг, бокс, футболго кызыгуусу артат. Бир кездери бодибилдингге катуу көңүлүн коюп буура сан, бука моюн болгонун айтып берди. Жатып түртүүдөгү көрсөткүчү 140 килограмм болгон. Кийинчерээк жаракат алгандан кийин спорт менен денени чымыр кармоо үчүн гана алектенип калганын белгиледи.

Кара курдун ээси Төрөбай Зулпукаров

КСДП депутаты кармашып урушуу боюнча (рукопашный бой) спорттун чебери, кара курдун ээси, II дан. Учурда спорттун ар кандай түрү менен ден соолукту чыңдоо үчүн гана машыгып келерин айтат.

Суучул Бактыбек Турусбеков 

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты сууда көп сүзүп, мелдештерге да катышып келет. Маселен, былтыр Турусбеков Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки аралыкты сүзүп өткөн. Турнир Issyk-Kul Swim Challenge деп аталып, саясатчы 14 чакырым аралыкты сүзүп, экинчи келген.

Кроссфит менен алектенген Исхак Пирматов

"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов жети жашынан бери самбо жана дзюдо менен машыгып келген. Учурда жумасына 3-4 жолу ден соолугун чың кармоо үчүн гана кроссфит жана фитнеске барат.

Килемде күчүн сынаган Тазабек Икрамов

Саясатчы грек-рим күрөшү менен бала кезден алектенип келет. Жумасына беш жолу залга каттайт. "Өнүгүү — Прогрес" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, эмгек жолун ошол окуу жайдын Жалал-Абаддагы филиалында окутуучулуктан баштаган.

Универсалдуу спортчу Өмүрбек Бакиров

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Бакиров кикбокс, дзюдо менен профессионалдуу түрдө алектенген. Учурда кроссфитке басым жасап жатканын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0