Кыргызстандын жаш гимнасттары эл аралык турнирде 14 медаль утту

© Фото / клуб художественной гимнастики "Ак-Барс"Открытый чемпионат Жамбылской области по художественной и эстетической групповой гимнастике
Открытый чемпионат Жамбылской области по художественной и эстетической групповой гимнастике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар уткан медалдын 10у алтын.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандык жаш гимнасттар Казакстандын Жамбыл облусунда өткөн көркөм жана эстетикалык ачык чемпионатка катышып, 14 медаль утушту. Бул тууралуу "Ак-Барс" көркөм гимнастика клубунан билдиришти.

Мелдеш 3-июнда өтүп, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Мелдешке катышкандардын эң улуусу 12 жашта болсо, эң кичүүсү 6 жашта.

Ийгилик жараткан спортчулардын тизмеси:

  • Самия Турсункулова — 1-орун (А тайпасы);
  • Наима Джекшенбекова — 2-орун (А тайпасы);
  • Сажера Жусупалиева — 1-орун (А тайпасы);
  • Азалия Азизова — 3-орун (А тайпасы);
  • Алуа Рахманкулова — 1-орун (В тайпасы);
  • Асема Бадыкеева — 1-орун (А тайпасы);
  • Айпери Жекшенбаева — 1-орун (А тайпасы);
  • Аина Маратова — 2-орун (А тайпасы);
  • Адинай Таштаналиева — 1-орун (В тайпасы);
  • Каныкей Абдижалилова — 1-орун (В тайпасы);
  • Самира Кульмамбетова— 1-орун (А тайпасы);
  • Адема Дженишбекова— 2-орун (А тайпасы);
  • Бегайым Кушбакалиева— 2-орун (А тайпасы);
  • Бегимай Нурбекова — 1-орун (В тайпасы).
Жаңылыктар түрмөгү
0