УКМКнын эки кызматкери дүйнө чемпионатынан байгелүү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по рукопашному бою среди сотрудников силовых структур и правоохранительных органов в Бишкеке
Турнир по рукопашному бою среди сотрудников силовых структур и правоохранительных органов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка 37 өлкөдөн 200дөн ашуун мушкер катышкан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. УКМК кызматкерлери Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн оксуз кармашуу боюнча дүйнө чемпионатынан олжолуу кайтты. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Чемпионат 30-майда башталып 2-июнга чейин созулган. Ага 37 өлкөдөн 200дөн ашуун мушкер катышканы айтылат. Кыргызстандан жалпы 15 спортчу барган, анын экөө УКМК 9-кызматында иштеген кызматкерлер экени белгиленди.

"Чынтемир Аширалиев 75 килограмм салмак категориясы боюнча күмүш медаль утту. Ал эми Касиет Молдокерим уулу 85 килограмм чен бирдикте күчүн сынап, коло медалга ээ болду", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы эсеп боюнча кыргызстандык спортчулар алты коло, эки күмүш медаль менен кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0