Кыргызстан менен Палестинанын оюну. Футбол күйөрмандарын өзгөчө программа күтөт

© Sputnik / Михаил ДудинСтадион имени Долона Омурзакова в Бишкеке
Стадион имени Долона Омурзакова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн 11-июнь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командаларынын беттеши алдында күйөрмандар үчүн көңүл ачуу программасы тартууланат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Оюн 11-июнь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Башталышы 20:00.

Ал күнү стадиондун бир тарабында фанаттар аянтчасы ачылат. Анда стол үстүндө ойнолчу оюндар, сүрөткө түшүү аянты жана балдарга ойноочу жай уюштурулат.

Ошондой эле күйөрмандарды төмөнкү программа күтөт:

  • ырчылардын жана диджейлердин номерлери;
  • баалуу белектер коюлган сынактар;
  • балдар үчүн футбол темасында мастер-класстар.

Оюн-зоок саат 18.00дө башталат. Билеттерди стадиондун кассасынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0