Кыргызстанда кол күрөш боюнча 3-ирет Азия чемпионаты өтөт

© AP Photo / David GoldmanКол күрөш. Архив
Кол күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык 184 спортчу ар кыл салмак категориясында ат салышмакчы.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда кол күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөрүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Кол күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жигиттердин билегин сынаган армрестлинг мелдешинин эрежеси
Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 554 спортчу катышары маалымдалды.

Иш-чара 9-12-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром балдарга" деп аталган дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексте өтөт.

Кыргызстандык 184 спортчу ар кыл салмак категориясында ат салышат. Алардын ичинен 57си ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучулар.

Эске салсак, Азиянын армрестлинг боюнча чемпионаты Кыргызстанда 2007-жылы, андан соң 10 жылдан кийин өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0