"Ливерпуль" Чемпиондор лигасын утуп алды

© REUTERS / SUSANA VERAМохамед Салах из Ливерпуля празднует забить свой первый гол с пенальти с Джорданом Хендерсоном на финале Лиги чемпионов сезона 2018/2019. 1 июня 2019 года
Мохамед Салах из Ливерпуля празднует забить свой первый гол с пенальти с Джорданом Хендерсоном на финале Лиги чемпионов сезона 2018/2019. 1 июня 2019 года  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда аталган турнирдин алтынчы ирет жеңүүчүсү болду.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. "Ливерпуль" командасы Лондондун "Тоттенхэм Хотспур" клубун утуп, 2018-19-жылдын Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү аталды.

Таймаш Мадриддин "Метрополитано" стадионунда өтүп, 2:0 эсеби менен аяктады. Оюндун биринчи мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" коргоочусу Мусса Сиссоко өзүнүн айып талаасында колу менен ойноп жиберип, арбитр пенальти дайындады. Аны ишке Салах ашырып, эсепти ачты. Ал эми 87-мүнөттө Ориги гол киргизип, команданы ишенимдүү алдыга чыгарды.

"Ливерпуль" өз тарыхында УЕФАнын Чемпиондор лигасын алтынчы ирет утту.

Жаңылыктар түрмөгү
0