Ысык-Көлдө өлкө аймагынан чогулган спорт сүйүүчүлөр күч сынашат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүПляжный волейбол. Этап "Большого шлема"
Пляжный волейбол. Этап Большого шлема - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар ордо, күрөш, армрестлинг, тогуз коргоол, волейбол, футбол, жеңил атлетика, мас-рестлинг, пара пауэрлифтинг боюнча ат салышат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө бир жума бою республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Президент Федерации хоккея КР Анвар Оморканов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Оморканов: балабыз машыккан спортту кымбат деп кейип, бирок тойдо жылкы соёбуз
Маалыматка ылайык, "Дени сак улут — гүлдөп өнүккөн өлкө" аталышындагы спорттук иш-чара 19-25-июнь күндөрү Ысык-Көл районундагы Бостери айылында уюштурулат. Ага спорт сүйүүчүлөрүнөн куралган ар бир облустун курама командалары катышат.

Алар ордо, күрөш, армрестлинг, тогуз коргоол, волейбол, футбол, жеңил атлетика, мас-рестлинг, пара пауэрлифтинг боюнча күч сынашат.

Жаштарды сергек жашоого үндөгөн, аларды дене тарбияга тартууга жана спортту массалык негизде жайылтууга багытталган иш-чараны өткөрүүгө 1 миллион 942 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0