Бир күндө дүйнөнүн үч чемпионун жеңген Сыдыков. Бильярдчы жөнүндө 5 факты

© Фото / бильярдный информационный сайт ДуплетКыргызстандык белгилүү бильярдчы Канат Сыдыков. Архив
Кыргызстандык белгилүү бильярдчы Канат Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыков бүгүн 30га толду.

Бүгүн кыргызстандык белгилүү бильярдчы Канат Сыдыковдун туулган күнү. Бир катар эл аралык мелдештерде жеңишке жетип,  мекенинин желегин желбиреткен спортчу 30 жашка толду.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кий чебери тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

© Фото / из личного архива Каната СыдыковаКанат Сыдыков 1989-жылы 31-майда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Өспүрүмдүн атасы айылда бильярд жайын иштеткендиктен, бул спорттун түрүнө кызыгып 14 жашынан тарта машыга баштаган.
Бир күндө дүйнөнүн үч чемпионун жеңген Сыдыков. Бильярдчы жөнүндө 5 факты - Sputnik Кыргызстан
Канат Сыдыков 1989-жылы 31-майда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Өспүрүмдүн атасы айылда бильярд жайын иштеткендиктен, бул спорттун түрүнө кызыгып 14 жашынан тарта машыга баштаган.

Элеттен чыккан чемпион. Канат Сыдыков 1989-жылы 31-майда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Өспүрүмдүн атасы айылда бильярд жайын иштеткендиктен, бул спорттун түрүнө кызыгып 14 жашынан тарта машыга баштаган. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкекте бильярд менен алектенип, тез эле Кыргызстандын төрт жолку чемпиону болуп, 2010-жылы өлкөнүн курама командасына кирет.

Студент, машыктыруучу... Канат учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алып келет. Эл аралык класстагы спорттун чебери ошол эле маалда машыктыруучу болуп да иштеп калган жайы бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kanat Sydykov (@sydykov3131)

Коло медалдар... Кий чебери 2012-жылы Бишкекте өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынып, 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында да коло уткан. Андан сырткары, 2019-жылдагы Россиядагы дүйнө чемпионатында 3-орунга татыган.

Бир күндө 14 саат ойногон. Спортчу 14 мамлекетте Кыргызстандын намысын коргоп, жыл башында Россиянын Ханты-Мансийск шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да ат салышкан. Чемпионаттын финалында биринчи атаандашы менен 4,5 саат, экинчи каршылашы менен 6,5 саат ойносо, үчүнчүсү менен үч саат беттешкен. Ошентип, ал бир күндө 14 саатка созулган оюн өткөрүп, үч дүйнө чемпионун утуп коло медаль тагынган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kanat Sydykov (@sydykov3131)

"Дүйнөнү багындырам". Жаш спортчу 30 жашка чыгып калгандыгына карабай дүйнө жана Азия биринчилигин багындырууну максат кылууда. Ири эл аралык  мелдештин катышуучусу бильярддын эркин, кураштырма, динамикалуу түрлөрүндө тең ойноп, машыгууларын токтотпой келет. Азыр ал келинчеги экөө эки жана төрт жаштагы уулдарын тарбиялап өстүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0