Эң сонун! Бишкекте биринчи ирет хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Жазылуу
IV дивизиондогу хоккей боюнча чемпионат 2-8-мартта болот. Ошондой эле кыргызстандыктар III дивизиондогу чемпионатка да катышат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек калаасында IV дивизиондогу хоккей боюнча чемпионат өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Мындай чечимди Хоккей боюнча эл аралык федерация дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын курама командасынын жеңишин жокко чыгарып салгандан кийинки териштирүүдөн cоң кабыл алды.

Кыргызстан бүт атаандаштарын жеңип, бардык топтордон чыккан. Бирок Бириккен Араб Эмирлигинин арызынан кийин оюнчуну дисквалификациялашып, упайды жокко чыгарып салган.

Хоккей боюнча Кыргызстандын федерациясы мындан кийин апелляциялык арыз жазып, укугун талашкан. Хоккей боюнча эл аралык команда Кыргызстанга Олимпиадалык оюндардын квалификациялык беттештерине катышууга жана IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын өткөрүүгө укук берген.

"Бишкек чемпионат өткөрүүгө даяр. Учурда муз аянттын ээси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Болгону азыр бортту айнектеп чыгуу керек", — деди Оморканов.

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат 2020-жылдын 2-8-мартында болот. Аны менен катар эле кыргызстандыктар III дивизиондогу 2020-жылдагы чемпионатка катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0