Азаматтар! Оштун жаш каратэчилери эки дүйнө чемпионатынан 20 медаль алды

© Фото / Мамасыдык БотояровОш шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту
Ош шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионатынын бири Анталияда, экинчиси Румынияда өткөн.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ош шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты.

© Фото / Мамасыдык БотояровКыргызстанские спортсмены завоевали 20 медалей на чемпионате мира по карате среди детей в Турции
Ош шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту
© Фото / Мамасыдык БотояровКыргызстанские спортсмены завоевали 20 медалей на чемпионате мира по карате среди детей в Турции
Спортчуларды кечээ, 28-майда, Ош шаарындагы аба майдандан комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев, федерациянын өкүлдөрү, машыктыруулар жана алардын жакындары салтанаттуу тосуп алышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Спортчуларды кечээ, 28-майда, Ош шаарындагы аба майдандан комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев, федерациянын өкүлдөрү, машыктыруулар жана алардын жакындары салтанаттуу тосуп алышкан.
1/2
Ош шаарынын спортчулары каратэ боюнча эки башка дүйнөлүк чемпионаттан 20 медалга ээ болушту
2/2
Спортчуларды кечээ, 28-майда, Ош шаарындагы аба майдандан комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев, федерациянын өкүлдөрү, машыктыруулар жана алардын жакындары салтанаттуу тосуп алышкан.

Спортчуларды кечээ, 28-майда, Ош шаарындагы аба майдандан комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев, федерациянын өкүлдөрү, машыктыруучулар жана алардын жакындары салтанаттуу тосуп алышкан.

"Саркарбаев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан алдыңкы орундарга ээ болгон спортчуларды куттуктап, эки дүйнө биринчилигинде жараткан ийгиликтерин баса белгиледи. Каратэчилерге ак калпак кийгизилсе, машыктыруучуларына калпак менен чепкен жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын Анталия шаарында Эл аралык уруш өнөрү федерациясы тарабынан 20-23-май күндөрү каратэ боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи баскычы өткөн. Алты мамлекеттен барган 500 катышуучунун арасында 6-10 жаштагы кыргызстандык спорчтулар күч сынашкан. Натыйжада алты алтын, эки күмүш жана бир коло байгеге ээ болушкан.

Кыргызстанкая бегунья Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Дарья Маслова Казакстандагы жарым марафондо биринчи болду
Ал эми 24-26-май күндөрү Румыниянын Бухарест шаарында каратэ боюнча Х эл аралык чемпионат болуп, 33 өлкөдөн 1 513 спортчу катышкан. Ага өлкө атынан төрт спортчу катышып, 11 медалга ээ болгон. Натыйжада Кыргызстан командалык эсеп боюнча алтынчы орунга илинген.

Кумитэ боюнча тайпалык кармашта Ош шаарынын 8-9 жаштагы үч спортчусу Имран Абдугуламов, Искендербек Ташбалтаев жана Нурислам Пусуров 3-орунга ээ болушкан. Ушул эле спортчулар ката боюнча командалык мелдеште экинчи орунга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0