Макгрегор жеңилүү ызасы тууралуу: Нурмагомедов менен чыкпашым керек эле

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер россиялык спортчуга былтыр UFC уюмунун турниринде утулуп калгандан бери октагонго чыга элек.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор жаракатына карабай Нурмагомедов менен беттешке чыгып туура эмес кылганын билдирди.

MMAFighting сайтынын маалыматы боюнча, спортчу аталган мелдешке болгон даярдыгы тууралуу бизнес-тренер Тони Робинсонго маек берген.

Мурдагы чемпиондун айтымында, ал жаракатына байланыштуу Нурмагомедов менен беттешкенде толук күчүн жумшай алган эмес.

"Беттешке эки жумадан ашык убакыт калганда молдовалык мушкер менен мелдешкем, ал бутка көбүрөөк кирип иштечү. Ошондой машыгуулардын биринде мен аны ич талаштыра тепкем, бирок эки манжам бүгүлүп кеткендей болгон. Дарыгерим дароо келип манжаларды түздөгөн. Анан бутум күпчөктөй болуп шишип кеткен", — деп эскерген Макгрегор.

Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко чемпиондук курун коргой алабы. Букмекерлердин божомолу
Ал ошондой эле бутунун жаракаты салмакты түшүргөндө да бир топ кыйынчылык жаратканын кошумчалады.

2018-жылы 6-октябрда россиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титулун коргоп калган. Нурмагомедов уткандан кийин октагондон секирип чыр чалган. Көп өтпөй окуянын чоо-жайы белгилүү болду. Анткен менен Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы россиялык спортчуну тогуз айга дисквалификациялап, 500 миң долларга айыпка жыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0