КР спортчулары жаш мекендештердин Дүйнөлүк оюндарына катышат

© Sputnik / Наталья Айриян / Медиабанкка өтүүГимнаст кыз. Архив
Гимнаст кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума бою балдар баскетбол, көркөм гимнастика, волейбол, шахмат, мини-футбол, сууда сүзүү, стол тенниси боюнча мелдешет.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россиянын Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан тарта 6-июнга чейин жаш мекендештердин юбилейлик V Дүйнөлүк оюндары өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги Билим жана маданият борборунан билдиришти.

Ага ылайык, оюндарга 60тан ашык мамлекеттен келген жаш спортчулар катышат. Бир жума бою балдар баскетбол, көркөм гимнастика, волейбол, шахмат, мини-футбол, сууда сүзүү, стол тенниси боюнча мелдешет.

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Краковецкий баштаган дзюдочулар Кытайдагы эл аралык мелдешке катышат
Спорттук иш-чаранын алкагында дүйнө чемпиондору менен жолугушуулар уюштурулат. Атактуулардын ичинде көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнөнүн он жолку чемпиону Ирина Роднина, олимпиада оюндарынын үч жолку чемпиону, дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону, балбан Александр Карелин, хоккей боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн жети жолку чемпиону Вячеслав Фетисов, бокс боюнча дүйнө чемпиону Николай Валуев, шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов жана башка белгилүү спортчулар бар.

Мекендештердин юбилейлик V Дүйнөлүк оюндарында Кыргызстандын намысын жаш шахматчылар, футболчулар жана сууда сүзүүчүлөр коргомокчу.

Былтыр оюндар Сочи менен Казань шаарларында өткөн.

Мелдешти Россиянын Спорт министрлиги, Россотрудничество, Ханты-Мансийск автономдук округунун Дене тарбия жана спорт департаменти, мектеп спорту боюнча бүткүл россиялык федерациясы уюштуруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0