Краковецкий баштаган дзюдочулар Кытайдагы эл аралык мелдешке катышат

© Фото / из личного архива Юрия КраковецкогоКыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий. Архив
Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдочулардын мелдеши үчүн Спорт агенттигинин алдындагы олимпиадалык дирекция тарабынан 1 миллион 99 миң сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Дзюдо боюнча улуттук курама команда Кытайда боло турган Hohhot Grand Prix China — 2019 турниринде күчүн сынайт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 24-26-май күндөрү Хоххот шаарында өтмөкчү. Андан кийин спортчулар 29-майга чейин машыгышат.

Катышуучулар:

  • Те Артур Те — 66 килограмм;
  • Имен Аманов — 73 килограмм;
  • Владимир Золоев — 81 килограмм;
  • Эрлан Шеров — 90 килограмм;
  • Юрий Краковецкий — 100 килограммдан өйдө;
  • Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө;
  • Абдужалил Юнусов — башкы машыктыруучу.

Дзюдочулардын мелдеши үчүн Спорт агенттигинин алдындагы олимпиадалык дирекция тарабынан 1 миллион 99 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0