Дарья Маслова Казакстандагы жарым марафондо биринчи болду

© AFP / Dibyangshu SARKARКыргызстанкая бегунья Дарья Маслова
Кыргызстанкая бегунья Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 19-майда өткөн.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жеңил атлет Дарья Маслова Казакстанда жыл сайын өтүүчү Armanga jol жарым марафонунда мыкты болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын машыктыруучусу Татьяна Борисова билдирди.

Мелдеш 19-майда өткөн.

Маслова 21 чакырымга чуркап, 1 саат 13 мүнөт 34 секундада келген. Андан сырткары Кыргызстандын атынан катышкан Жоодар Көчкөнбаев 1 саат 7 мүнөт 47 секундада келип, эркектер арасында үчүнчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0