Бишкекте түнкү жарыш өтөт. Иш-чаранын убакыт-сааты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВ Москве прошел "светящийся" ночной забег
В Москве прошел светящийся ночной забег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкү жарыш — бул дүйнө жүзүндөгү чуркоо мелдешинин эң белгилүү форматы. Кыргызстанда бул иш-чара экинчи жолу өтмөкчү.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жайдын башы менен Бишкекте Toyboss Night Run жарышы өтө турганын "ФРМВС Номад Спорт" коомдук бирикмеси кабарлады.

Иш-чара күн баткандан кийин башталат. Түнкү жарыш — бул дүйнө жүзүндөгү чуркоо мелдешинин эң белгилүү форматы. Кыргызстанда бул иш-чара экинчи жолу өтмөкчү. Максаты — спорт аркылуу шаардыктардын башын бириктирүү.

Ымыркайлардын жарышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элжиретип... Бишкекте ымыркайлардын чемпионаты өтөт
16 жаштан кем эмес курактагы бардык каалоочулар кызыктуу шоу-программа менен байгелердин ойнотулушуна күбө болот. 5, 10 жана 21 чакырымдык аралыкты тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Финишке жеткен күлүк медаль менен сыйланат.

Иш-чара 8-июнь күнү саат 20.30да Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги "Ала-Арча" соода борборунда башталат. Баасы бир киши үчүн 1300 сом, ал эми команда үчүн 7000 сом экени айтылды.

Жарыштын байге фондусу 192 миң сом. Катышуучулардын саны чектелүү. Каалоочулар nomadsport.kg сайтынан катталып, (0554) 60-07-07 номери аркылуу чоо-жайын биле алат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — түнкү жарыштын эл аралык медиаөнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0