Кыргызстандык Алмаматов АКШдагы жиу-житсу турниринде чемпион болду

© Фото / Атабек НарбаевДжиу-джитсер Билимбек Алмаматов
Джиу-джитсер Билимбек Алмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов Чикаго шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде чемпиондук курга ээ болду. Маалымат менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Мелдешти америкалык NAGA (North American grappling Association) спорттук уюму уюштурган. Анда Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген. Натыйжада ага NAGA чемпиондук куру берилген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bilim Almamatov (@almamatov0189)

Ошондой эле Алмаматов Лас-Вегас шаарында өтө турчу жиу-житсунун бразилиялык түрү боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жатканы кошумчаланды. Ал жиу-житсу боюнча мелдештерде 18 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0