01:34 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековдун архивдик сүрөтү

Көтөрүп чаап, оодарып... Балбан Жолчубековдун Украинадагы турнирди уткан видеосу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
382310

Балбан 60 килограмм салмакта күч сынашты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктап берди. 

Жолчубековдун финалдык беттешин Instagram тармагындагы спорттук баракчалар да жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Бүгүн, 12-майда, Киев шаарында белгилүү украиналык спортчулардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эл аралык турнир аяктады. Анда өлкө атынан жалгыз Жолчубеков катышып, 60 килограмм салмакта биринчи орунду камсыздаган. Ал квалификациялык, чейрек жана жарым финалда украиналык, грузиялык, азербайжандык спортчуларды уткан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Ал эми чечүүчү кармашта дагы бир азербайжандык балбан Сакит Гулиевди 7:0 эсеби менен жер каратып, чемпион болду. 

Борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков с тренером Мейрамбеком Ахметовым
© Фото / предоставлено Мейрамбеком Ахметовым
Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болду

Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медаль ээси. Ошондой эле бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.

Тема боюнча

Сүйүнчү! Балбан Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн
Белгилер:
жеңиш, турнир, балбан, Каныбек Жолчубеков, Украина, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ