Бүйүр кызытып, жүрөк толкуткан оюн. "Достук" "Ынтымакты" утуп кетти

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСБүйүр кызытып, жүрөк толкуткан оюн. "Достук" "Ынтымакты" утуп кетти
Бүйүр кызытып, жүрөк толкуткан оюн. Достук Ынтымакты утуп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө тең күчтүү команда болгондуктан, үчүнчү тайм жарымынан өткөндө гана эсеп саны ачылды.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөрү турниринде Ош облусунун "Достук" командасы Таластын "Ынтымагын" утуп алды.

© пресс-служба ГАМФКиСМатч "Достук" — "Ынтымак" на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн Чолпон-Атадагы көк бөрү турниринде оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок - Sputnik Кыргызстан
1/5
Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн Чолпон-Атадагы көк бөрү турниринде оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМатч "Достук" — "Ынтымак" на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди - Sputnik Кыргызстан
2/5
Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМатч "Достук" — "Ынтымак" на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
Достуктан Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, Ынтымактан Аудасбек Мыразбек уулу Геркулес аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү - Sputnik Кыргызстан
3/5
"Достуктан" Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, "Ынтымактан" Аудасбек Мыразбек уулу "Геркулес" аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМатч "Достук" — "Ынтымак" на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
Экинчи таймда Достук көбүрөөк чабуулга чыга баштады. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Экинчи таймда "Достук" көбүрөөк чабуулга чыга баштады.
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМатч "Достук" — "Ынтымак" на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
Бирок Ынтымак да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Бирок "Ынтымак" да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды.
1/5
Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн Чолпон-Атадагы көк бөрү турниринде оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок
2/5
Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди
3/5
"Достуктан" Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, "Ынтымактан" Аудасбек Мыразбек уулу "Геркулес" аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү
4/5
Экинчи таймда "Достук" көбүрөөк чабуулга чыга баштады.
5/5
Бирок "Ынтымак" да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди. "Достуктан" Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, "Ынтымактан" Аудасбек Мырзабек уулу "Геркулес" аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү.

Экинчи таймда "Достук" көбүрөөк чабуулга чыга баштады. Бирок "Ынтымак" да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды. Мындай катуу кармашта эч ким улак сала алган жок.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн Көл-Төр командасы жеңишке жетти - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: Ысык-Көлдүн командасы биринчи лиганын чемпиону болду
Үчүнчү бөлүк дагы ушундай чыңалуу менен жүрүп жаткан. 14-мүнөткө келгенде "Достуктун" капитаны Таши Майлыбашев озуп чыгып, атаандашынын тай казанына улак салууга жетишти. Андан кийин эсеп саны өзгөрбөй 1:0 эсеби менен Оштун командасы жеңишке жетти.

Көк бөрү турнири Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн. Биринчи лиганын баш байгесин Ысык-Көл облусунун "Көл-Төр" командасы утту.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, былтыр дагы 9-майдагы мелдеште "Достук" жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда "Ынтымак" утуп кеткен.

Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-майда башталып, Чолпон-Атадагы ипподромдо өттү. Программада көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун оюндары уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0