Көк бөрүдө чырдашкан Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов элдешти

© пресс-служба ГАМФКиСЖеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдеши
Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык мелдеште эки улакчы аттан түшүп мушташа кеткен.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Көк бөрү талаасында мушташа кеткен Манас Ниязов ("Достук") менен Нурбек Юсупов ("Сары-Өзөн") элдешти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына улакчылар өздөрү билдиришти.

Белгилей кетсек, улакчылар бүгүн, 7-майда, Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдешинде мушташа кеткен.

Манас Ниязов пикир келишпестик эмнеден улам чыкканын түшүндүрүүдөн баш тартып, башкысы оюн бүткөндөн кийин эки команда жолугуп элдешишкенин айтты.

"Оюнда мындай учурлар болуп турат. Бир аз түшүнбөстүк болуп кетти. Кайра жарашып алдык", — деди Ниязов.

Нурбек Юсупов ойногон "Сары-Өзөн" командасынын капитаны Рустам Тыналиев да эки улакчы жарашканын айтты.

"Оюн учурунда болгон нерсе оюн талаасында калат. Сыртка чыгарбайбыз. Бизде ушундай", — деди Тыналиев.

Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымактар. Достуктун Ынтымакты жеңген видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымак. "Ынтымактын" "Достукту" жеңген видеосу
Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-9-май күндөрү Чолпон-Атадагы ипподромдо өткөрүлөт. Бүгүн көк бөрү талаасына чыккан командалар финалга жолдомо алуу үчүн беттешти. Натыйжада 3-орун үчүн Чүйдүн "Рассвет" менен "Сары-Өзөн" командалары күч сынашмай болду. Ал эми баш байге үчүн кайра эле Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командалары намыс талашат. Финалдык оюндар 9-май күнү болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0