Ош менен Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар эр эңиш, көк бөрү, салбуурун жана ат чабыш оюндары боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ош жана Ысык-Көл облустарында Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары башталганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 4-9-май күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо, Оштогу Төлөйкан ат майданында өтөт. Турнир Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арнала турганы айтылат.

Спорчтулар эр эңиш, көк бөрү, салбуурун жана ат чабыш оюндары боюнча күч сынашат.

Спорт агенттиги алгач көк бөрү мелдешиндеги биринчи лиганын тизмеси менен бөлүштү, ага 16 команда кирген.

Жеңиш күнүнө арналган турнирди Спорт агенттиги менен улуттук спорт боюнча дирекция уюштуруп жатат. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлерине дирекция тарабынан баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0