"Ак аюу" атаандашын 34 секундада нокаутка кетирди. Алматыдагы видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер литвалык спортчу менен 102 килограмм салмакта беттешип, аны биринчи раундда эле утуп алды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев аралаш мушташ боюнча турнирде каршылашын техникалык нокаут менен жеңип алды. Спортчунун беттештеги видеосун Жаш-күч клубу Instagram баракчасына жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бойцовский клуб Жаш-Куч ® (@jashkuch_mma)

Международный турнир ММА WEF Global в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу Токиодогу турнирге катышат
Ушул тапта Алматы шаарында JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турнири өтүп жатат. Мелдештин алкагында Мамасалиев литвалык атаандашы Раймонд Докус менен кез келип, аны биринчи раунддун 34-секундасында техникалык нокаут менен утуп алган. Видеодон алгач Докустун Мамасалиевдин бут жагынан алууга аракет кылып, күрөшкө ыктап жатканын көрүүгө болот. Бул учурда кыргызстандык мушкер ага колу-буту менен удаа, таамай соккуларды узаткан, рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Мушкерлер 102 килограмм салмакта беттешти.

Мамасалиев буга чейин аталган мелдешке мурда утулуп калган украиналык каршылашы Юрий Проценкону чакырганын, бирок ал 8 миң доллар сурагандыктан уюштуруучулар баш тартууга аргасыз болгонун айтып берген.

Мыктыбек Мамасалиев 30 жашта. Бокс боюнча спорт чебери, ММА боюнча 12 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0