Айсулуунун машыктыруучусу: расмий тосуп алуунун кереги жок деп өзүбүз айтканбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изабеков Олимпиада оюндарына чейин спортчулардын тынчын албай турууну суранды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы бийлик тосуп албай койду деген суроого жооп берди.

"Учурда социалдык тармакта балбандарды бийликтегилер тосуп албай койду деген талкуулар жүрүүдө. Биз өкмөт мүчөлөрүнөн тосуп алуунун кереги жок деп өзүбүз өтүнгөнбүз. Себеби салтанат, шаан-шөкөт, ЖМКга маек берүү дегендер биздин машыгуу процессибизге тоскоолдук жаратат. Ал эми күйөрмандардын тосуп алуусун четке кага алган жокпуз", — деди Изабеков.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азиядан алтын утуп, желекти желбиретти. Үзүрдүн финалдагы видеосу
Ошондой эле машыктыруучу журналисттерге кайрылып, Олимпиада оюндарына чейин спортчулардын тынчын албай турууну суранды.

Эске сала кетсек, Тыныбекова 26-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатынан алтын байге уткан. Ал эми дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болгон. Спортчуларды Бишкектен активисттер жана күйөрмандар тосуп алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0