Табында экен! "Ак аюу" Мамасалиев таразага түшүп, атаандашын тик карады. Видео

© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч"Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев. Архив
Ак аюу каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу бүгүн Алматы шаарында беттешет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев таразага түшүп, атаандашын тике караган видеосун ММА беттешинин уюштуруучусу "Жаш-күч" клубу Instagram баракчасына жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бойцовский клуб Жаш-Куч ® (@jashkuch_mma)

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-апрель күнү, Алматыда JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турнири өтөт. Мелдештин алкагында Мамасалиев 93 килограмм салмактан өйдө категорияда литвалык мушкер Раймонд Докус менен кез келет.

Мамасалиев буга чейин аталган мелдешке мурда утулуп калган украиналык каршылашы Юрий Проценкону чакырганын, бирок ал 8 миң доллар сурагандыктан уюштуруучулар баш тартууга аргасыз болгонун айтып берген.

Международный турнир ММА WEF Global в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу Токиодогу турнирге катышат
Мыктыбек Мамасалиев 30 жашта. Бокс боюнча спорт чебери, ММА боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Ал быйыл спортко активдүү киришип жаткан чагы. Нокауттары менен таанымал мушкер 2017-жылы украиналык Юрий Проценкого JFC турниринин алкагында жеңилип, чемпиондук курду тагынбай калган.

Мамасалиев жарым жылдан кийин кайрадан октагонго кайткан. JFC Young Force турниринин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0