Жеңишке жетип, желек оронгон Үзүр балбан. Фотофакт

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу кечээ Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан.

Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон Үзүр Жусупбековдун жеңиштен кийинки ирмемин Бириккен күрөш уюму (UWW) тартып алган.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азиядан алтын утуп, желекти желбиретти. Үзүрдүн финалдагы видеосу
Спортчу кечээ Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия биринчилигинин финалында өзбекстандык Жахонгир Турдиевди 3:2 упай эсебинде утуп, жеңүүчү аталган. Чейрек финалда казак балбаны Алимхан Сыздыковду 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык спортчу Махди Аббас Алиярфейзабаны 7:5 упай эсеби менен жер караткан.

Балбан килемде 97 килограмм салмакта күч сынашып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0