Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

© Фото / Facebook / United World WrestlingДважды чемпион Азии по женской вольной борьбе Айсулуу Тыныбекова
Дважды чемпион Азии по женской вольной борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан финалда япониялык Юкако Кавайи менен кез келген.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын утту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан. Ал финалда япониялык Юкако Кавайи менен кез келип жеңип алганы айтылат.

Кыргызстандык балбан биринчи кармашында өзбекстандык Набира Есенбаеваны 10:0 эсеби менен жеңсе, жарым финалда таиланддык Салини Срисомбатты 8:0 упай менен утуп алган.

10 секунд калганда көтөрүп чапты! Айсулуу Тыныбекованын алтын уткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
10 секунд калганда көтөрүп чапты! Айсулуу Тыныбекованын алтын уткан видеосу
Мелдешти Бириккен күрөш уюму сайтынан түз көрсөткөн. Анда Айсулуу кармаштын акыркы секундасында жеңишти атаандашынан жулуп алганын көрүүгө болот. 6:5 эсебинде жеңилип баратып, 10 секунд калганда ыкма жасап, артка көтөрүп чаап, эки упай алган. Буга япониялык спортчунун машыктыруучусу нааразычылыгын билдирген. Калыстар кайра карап чыгып, кыргызстандык спортчунун пайдасына чечкен. Натыйжада дагы бир упай кошулуп 8:5 эсеби менен Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Азиянын үч жолку чемпиону аталды. Ал 2016-жылы Бангкокто жана 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган болчу. Рио-де-Жанейро өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. Мындан сырткары, күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, "Даңк" медалынын ээси.

Буга чейин дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова аталган чемпионатта коло тагындагы айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0