18:46 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Ошто улуттук чүкө оюнунун айкүр түрү боюнча республиканын чемпионаты башталды

Кыргызстанда айкүр оюну боюнча алгачкы чемпионат башталды. Сүрөттөр

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
21810

Өлкөдө айкүр боюнча федерация да бар.

ОШ, 25-апр. — Sputnik. Ошто улуттук чүкө оюнунун айкүр түрү боюнча республиканын чемпионаты башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Турнир Ош мамлекеттик университетинде өттүдө. Ага жети дубандан, ошондой эле Ош шаарынан өкүлдөр катышып жатат. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу байгелер менен сыйланмакчы.

  • В Оше начался первый открытый чемпионат республики по новой национальной игре в альчики — айкуру
    Ошто улуттук чүкө оюнунун айкүр түрү боюнча республиканын чемпионаты башталды
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Турнир Ош мамлекеттик университетинде өттүдө.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ага жети дубандан, ошондой эле Ош шаарынан өкүлдөр катышып жатат.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • В Оше начался первый открытый чемпионат республики по новой национальной игре в альчики — айкуру
    Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу байгелер менен сыйланмакчы.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ошто улуттук чүкө оюнунун айкүр түрү боюнча республиканын чемпионаты башталды

Спорттук иш-чаранын ачылышына дене тарбия жана спорт боюнча шаар башкармалыгы, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациянын өкүлдөрү катышты. Чемпионаттын башкы калысы Айкүр федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев болду.

Айкүр — кыргыздын чүкө оюнунун бир түрү. Бильярдга окшошуп кетет, бирок кийдин ордуна колдун манжасы пайдаланылат. Айта кетсек, чүкө оюнунун 20га чукул түрү белгилүү.

Тема боюнча

Байге фондусу 1 млн. сом! Чолпон-Атада ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт
Белгилер:
федерация, айкүр, Ош, чүкө

ЭҢ МААНИЛҮҮ