Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Белоруссиядагы мелдеште ийгиликтүү ат салышты

© AP Photo / Lee Jin-manКыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов. Архив
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык оюндарга жолдомо берүүчү мелдешке 300гө жакын спортчу катышкан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Белоруссиядагы ачык чемпионатта сегиз медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Двухкратная обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды
Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш 16-апрелде башталган. Анда Денис Петрашов эки күмүш, бир коло, Кирилл Вайс эки коло, бир күмүш жана Елизавета Рогожникова бир алтын, бир коло медалга ээ болду.

Японияда 2020-жылы өтө турчу Олимпиадалык оюндарга жолдомо берүүчү мелдешке Россия, Кыргызстан, Азербайжан, Латвия жана Молдовадан чогулган 300гө жакын спортчу катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0