Кытайдагы Азия биринчилигине катыша турган балбандардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар күрөшүү учурунда. Архив
Балбандар күрөшүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык спорттук иш-чарага өлкө атынан 20дан ашык балбан барат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына катышуу үчүн Кытайга жөнөшүүдө. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 21-28-апрель күндөрү өтөт. Эл аралык спорттук иш-чарага эркин күрөш боюнча катыша тургандар 20-апрель күнү учуп кетишти. Ал эми кыз-келиндер 22-апрелде, грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 25-апрелде жолго чыгышат.

Анда өлкө атынан 20дан ашык балбан ат салышат.

Грек-рим күрөшү боюнча:

  • Асан Сулайманов, 55 кг;
  • Рустам Тейишов, 60 кг;
  • Урматбек Аматов, 63 кг;
  • Нургазы Асангулов, 67 кг;
  • Руслан Царев, 72 кг;
  • Кайратбек Түгөлбаев, 77 кг;
  • Бурго Бейшалиев, 82 кг;
  • Атабек Азисбеков, 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков, 97 кг;
  • Мурат Рамонов, 130 кг.

Эркин күрөш боюнча:

  • Мырзаназар уулу Бекболот, 57 кг;
  • Улугбек Жолдошбеков, 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев, 65 кг;
  • Сыргак уулу Мансур, 70 кг;
  • Ильгиз Жакыпбеков, 74 кг;
  • Ойбек Насыров, 79 кг;
  • Алигаджи Гамидгаджиев, 86 кг;
  • Чыңгыз Керимкулов, 92 кг;
  • Магомед Мусаев, 97 кг;
  • Музафар Жаппуев, 125 кг.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча:

  • Мадина Надирова, 53 кг;
  • Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
  • Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
  • Медет кызы Айпери 76 кг.

Спортчуларды беш машыктыруучу, бир дарыгер жана калыс коштоп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0