Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды

© Фото / предоставлено Маликой БоотаевойДвухкратная обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева
Двухкратная обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү кабарлады.

Анын айтымында, мелдеш бүгүн, 20-апрелде, Абу-Даби шаарында башталды, эми 27-апрелде жыйынталмакчы. 

© Фото / предоставлено Маликой БоотаевойКыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду
Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Дүйнө чемпионатында Боотаева 62 килограмм салмакта күч сынашып, натыйжада экинчи орунга татыган. Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды.

34 жаштагы Малика Боотаева былтыр дагы дүйнө биринчилигинен күмүш медаль утуп алган.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде төрт кыздын энеси экендигин айтып берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0