UFC турнири: Физиев атаандашына техникалык нокаут менен утулуп калды

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстанский боец ММА Рафаэль Физиев
Кыргызстанский боец ММА Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер UFC турнирине алгачкы жолу катышкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмундагы алгачкы беттешинде дагестандык Магомед Мустафаевге техникалык нокаут менен утулуп калды. Бул туурасында беттешти түз алып көрсөткөн сайттарда айтылат.

Ушул тапта Санкт-Петербург шаарында UFC Fight Night 149 турнири өтүп жатат. Мелдештин биринчи кармашында Физиев менен Мустафаев чыккан, натыйжада кыргызстандык мушкер биринчи раунддун 1 мүнөт 26 секундасында утулуп калды.

​Алгач аны атаандашы чимирилип башка тээп, андан соң жерге кулаган Физиевге бир нече сокку узаткан. Рефери мелдешти токтотуп койду.

​Физиев мелдешке Кыргызстандын желегин көтөрүп, Мирбек Атабековдун "Мурас" ырынын коштоосунда чыкты.

Ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0