Кыргызский боец Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан

Шевченко менен Физиевдин UFC уюмундагы беттеши. Тексттик трансляция аяктады

Жазылуу
Кыргызстандык мушкерлер алгачкы ирет Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан UFC Fight Night 149 турниринин алкагында беттешет.

Анда Антонина Шевченко 57 килограмм салмакта америкалык Роксанн Модаффери менен мелдеш өткөрөт. Шевченко тай боксу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, спорттун ММА түрүндө жети ирет жеңүүчү аталган. Былтыр UFC уюму менен келишим түзгөн. Каршылашы Модаффери 22 мелдешти утуп, 15 ирет жеңилген.

Ал эми дагы бир кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунда тушоосун кесип, 70 килограмм салмакта дагестандык Магомед Мустафаев менен беттешмекчи. Физиев дагы тай боксу боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, ММА боюнча алты беттешти уткан.  Атаандашы Мустафаев 13 ирет утуп, эки гана жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:14 21.04.2019

Калыстадын чечими менен америкалык Роксанн Модаффери жеңүүчү деп табылды

00:14 21.04.2019

Беттеш аяктады

00:14 21.04.2019

Шевченко бутуна туруп кетти

00:13 21.04.2019

Модаффери Шевченконун үстүнө чыгып алды

00:13 21.04.2019

Кайрадан партерге абалына туш келип калды

00:13 21.04.2019

Антонина күүлүү-күчтүүлүгүн көрсөтүп, буту менен соккуларды узатуудаю

00:01 21.04.2019

Антонина жерде, атаандашы үстүнө чыкты.

00:00 21.04.2019

Модаферри кайрадан торго такап, партерге басым жасып жатат. Ал ортодо Валентина кандай аракеттерди көрүү керектигин айтууда.

00:00 21.04.2019

Шевченко каршылашына бир нече сокку узатууга жетишти.

23:59 20.04.2019
23:58 20.04.2019

Азырынча Шевченко тараптан анчейин аракеттер жок.

23:57 20.04.2019

Ары жактан бир тууганын сүрөп, колдоп жаткан Валентина Шевченконун үнүн угууга болот.

23:56 20.04.2019

Атаандашы Шевченкону торго такап алды. Партерге жыкты.

23:55 20.04.2019

Шевченконун атаандашы күрөштөн жакшы, ошондуктан Антонина дистанцияны кармап беттешүүдө.

23:54 20.04.2019

Мушкерлер бири-бирине бут-кол менен сокку узатып жатышат. Азырынча беттеш активдүү эмес.

23:51 20.04.2019

Беттешке старт берилди! Антонинага ийгилик каалайбыз!

23:50 20.04.2019

Сегиз бурчтукка атаандашы дагы келди.

23:50 20.04.2019

Шевченко октагонго кызыл спорттук кийим менен чыкты. Чачын кадимкидей беш көкүл өрүп, байлап алган.

23:48 20.04.2019

Көптөн күткөн беттеш! Кыргызстандык мушкер октагонго бир тууган эжеси Валентина Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов менен келди. Ал америкалык Роксанн Модаффери менен беттешет.

 

23:36 20.04.2019

Йотко Амедовскини калыстардын чечими менен жеңип, кубанычы койнуна батпай укмуштуудай брейк дансты тартуулап жиберди.

23:17 20.04.2019

Ал ортодо Рафаэль Физиевди уткан Магомед Мустафаев журналисттерге маек берип, үч раунддук беттешке даярданганын жана атаандашынын сокку узатуунун чебери экендигин эске алгандыгын айтып берген. Ошондой эле Физиевдин келечеги алдыда экендигин белгилеген.

23:12 20.04.2019

Жетинчи беттеш! Польшалык Криштоф Йотко менен македониялык Ален Амедовски 77 килограмм салмак категориясында мелдешет. Ушундай кийин кыргызстандыктар күткөн Антонина Шевченконун кармашы башталат.

23:00 20.04.2019

Евлоев атаандашын утуп алды. Мушкерлер беттешти үч раундда аякташты.

22:40 20.04.2019

Алтынчы болуп ингушетиялык Мовсар Евлоев менен түштүккореялык Сунг Ву Чой беттешүүдө. Бул 25 жаштагы Евлоевдин дебюту. Атаандашы болсо 26 жашта.

22:35 20.04.2019

Узак кармашуудан кийин жеңиш россиялык Султан Алиевге ыйгарылды. Ал Кейт Намакура менен раунддар бүткүчө партерде мелдешип, калыстардын чечими менен гана ута алды.

21:53 20.04.2019

Бешинчи кармаш. Россиялык Султан Алиев менен япониялык Кеит Накамура 77 килограмм салмакта беттешмей болду. Көрөрмандарды алдыда дагы алты мелдеш күтүп турат, кеченин башкы кармашында россиялык Алексей Олейник менен нидерланддык Алистар Оверим жолугат.

21:48 20.04.2019

Ал ортодо машыктыруучу Павел Федотов Антонина Шевченконун колуна бинт ороп, беттешке даярдап жатат.

21:46 20.04.2019

Ошентип отуруп 35 жаштагы Александр Яковлев 23 жаштагы Алекс да Силваны экинчи раундда муунтуу ыкмасын колдонуп утуп алды.

21:46 20.04.2019

Бирок ковлев тез эле өзүн колго алып, чабуулга өтүп кетти.

21:40 20.04.2019

Алекс да Силва үстөмдүк кылып жаткандай.

21:27 20.04.2019

Сегиз бурчтукка россиялык Александр Яковлев менен бразилиялык Алекс да Силва чакырылды, мушкерлер 70 килограмм салмакта күч сынашат.

Эскерте кетсек, дагы үч беттештен кийин кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко октагонго чыгат.

21:22 20.04.2019

Россиялык Шамиль Абдурахимов польшалык Марчин Тыбураны техникалык нокаут менен утуп алды.

21:16 20.04.2019

Польшалык Марчин Тыбура 33 жашта, ММА боюнча 17 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген. Ал эми россиялык каршылашы Шамиль Абдурахимов 37 жашта, аралаш мушташ боюнча 19 турнирди жеңип, төрт ирет утулган.

21:09 20.04.2019

Октагонго оор салмактагы мушкерлер чыкты. Алар польшалык Марчин Тыбура менен россиялык Шамиль Абдурахимов.

20:57 20.04.2019

Рафаэль Физиев ММА боюнча карьерасында алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартты. Ушу тапта аны күйөрмандары оор учурда колдоп, күчтүү болууга чакырышууда.

20:53 20.04.2019

Россиялык Гаджимурад Антигулов менен польшалык Михал Олексейчуктун да кармашы чагылгандай тез бүттү. Олексейчук техникалык нокаут менен жеңишин майрамдады.

20:52 20.04.2019

UFC турнирин атактуу ринг-анонсер Брюс Баффер алып барууда. Ал "It's Time" деп кубаттуу үнү менен жаңыртып сүйлөгөнү менен белгилүү.

20:43 20.04.2019

Ал арада Физиевдин сокку жеген учуру тартылган видео да тарады.

20:27 20.04.2019

Физиев менен Мустафаевдин беттеши 1 мүнөт 26 секундада аяктады.

Кандай болгон күндө да Рафаэль биз үчүн мыкты бойдон кала берет!

20:23 20.04.2019

Мустафаев Физиевди чимирилип тээп жерге кулатып, андан кийин бир нече ирет сокку узатты. Рефери техникалык нокаут деп беттешти токтотту. Ка-ап...

20:23 20.04.2019

Атаандашы Физиевди чимирилип бир тепти.

20:22 20.04.2019

Таймаш башталды. Октагонго кара спорттук кыска шым кийип чыкты, атаандашы кызыл кийим кийди.

20:22 20.04.2019

Рафаэль Физиев Мирбек Атабековдун "Мурас" ырынын коштоосунда Кыргызстандын желегин жамынып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0