Катардагы Азия чемпионатына Кыргызстандын 11 жөө күлүгү катышат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЛегкая атлетика. Чемпионат мира. 3-й день. Вечерняя сессия
Легкая атлетика. Чемпионат мира. 3-й день. Вечерняя сессия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештер 21-апрелден 24-апрелге чейин өтөт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Катардын Доха шаарында өтө турган жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 11 жөө күлүк катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мелдештер 21-апрелден 24-апрелге чейин өтөт.

Кыргызстандын намысын коргой турчу спортчулар:

  • Анна Буланова (100 м; 200 м);
  • Гүлшан Сатарова (1500 м; 5000 м);
  • Татьяна Рыбакова (400 м);
  • Мусулман Жоламанов (800 м; 1500 м);
  • Данияр Арыпбеков (3000 м);
  • Алигаджи Магомедгаджиев (100 м; 200 м);
  • Баястан Максатбек уулу (800 м);
  • Бердигул Айтпай уулу (10 000 м)
  • Михаил Солошенко (1500 м)
  • Шахзот Садыкжан уулу (400 м)
  • Кирилл Сарасов (400 м).

Коштоп барчулар:

  • Станислав Манжуев, машыктыруучу;
  • Бактыгүл Алишева, дарыгер;
  • Сатыбек Чокаев, башкы машыктыруучу.
Жаңылыктар түрмөгү
0