Жылына 40 миң чакырым жүрөт. Велоспортчу Евгений Ваккер жөнүндө 7 факты

© AP Photo / Lee Jin-manДүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер. Архив
Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү велоспортчу, 20 жылдан ашык чет жакта жүрсө дагы Кыргызстандын желегин желбиреткен Евгений Ваккердин туулган күнү.

Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону 45 жашка толду. Алыстагы мекендешибиздин эмгегин эске салып, Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Коңшулар кызыккан спортчу. Евгений Ваккер 1974-жылы 18-апрелде Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези борбор калаада өтүп, Олимпиадалык резерв мектебинде окуп жүргөн кезинде велоспорт менен алектене баштайт. Аны бул спортко жаңы келген машыктыруучу чакырган. 15 жашында, 1994-жылы, өлкөнүн курама командасы менен Япониядагы XII Азия оюндарына катышып, чоң спортко кадам таштаган. Бул учурда жаш спортчуга коңшу өлкөлөрдүн көзү түшүп, Казакстандын желеги менен чыгуу да сунушу түшкөн. Бирок Ваккер Кыргызстандын гана атынан чыга тургандыгын айтып, машыктыруучусу Эркен Акрамов менен кеңешип, сунушка макул болгон эмес.

© AP Photo / Lee Jin-manВаккердин өзүнүн эсептөөсү боюнча машыгуу жана катышкан мелдештерин кошкондо ал жыл сайын 40 миң чакырымдай жолду велосипед менен өтөт
Жылына 40 миң чакырым жүрөт. Велоспортчу Евгений Ваккер жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Ваккердин өзүнүн эсептөөсү боюнча машыгуу жана катышкан мелдештерин кошкондо ал жыл сайын 40 миң чакырымдай жолду велосипед менен өтөт

Кызыл желекти желбиреткен... Союз тарагандан кийин өлкөдө спортко тийиштүү көңүл бурулбай калганда Ваккер Европага көчүп кеткен. Ал польшалык "Лидер" клубуна мүчө болуп, Германияда келишим менен иштей баштайт. Ал жактан да жыл сайын ондогон ири мелдештерге катышканда Кыргызстандын атынан чыгып жүрөт. Ошентип Ваккер дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болгонго жетишти. Мындан сырткары, ал коңшу өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп Азия оюндарында катары менен алты жолу күч сынашып, байгелүү орундарга (5 күмүш, 1 коло медаль) татыган.

Операциядан кийинки жеңиш. Велоспортчу 2010-жылдын ноябрь айында Кытайда өткөн Азия оюндарына операциядан айыгып-айыкпай эле ат салышууга кеткен. Анда Ваккер Бишкекте сокур ичегисин алдырган эле. Эки жумадан кийин мелдешке кетип калган. Кыйынчылыктарга карабай Кыргызстандын намысын коргоп, экинчи келип күмүш медаль тагынган.

Жылына 40 миң чакырым. Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер өзүнүн эсептөөсү боюнча машыгуу жана катышкан мелдештерин кошкондо жыл сайын 40 миң чакырымдай жолду велосипед менен өтөт. Бул аралык Жер планетасынын экваторунун узундугуна барабар.

Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу. Көптөгөн ири мелдештердин катышуучусуна Араб, Азия өлкөлөрүндө иштөө боюнча бир нече сунуш түшкөн. Кыска убакыт Катарда машыктыруучу болуп эмгектенгени да бар. Ошондой эле түрдүү себептерге байланыштуу башка чет элдиктердин сунушун четке кагууга мажбур болгон.

© AP Photo / Lee Jin-manУчурда Германияда жашаган велоспортчу кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк аренага алып чыгууну пландоодо
Жылына 40 миң чакырым жүрөт. Велоспортчу Евгений Ваккер жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Учурда Германияда жашаган велоспортчу кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк аренага алып чыгууну пландоодо

Дилгир инсан. СССРдин спорт чебери бош убактысын жакындары менен жаратылышта өткөрүүнү жактырат. Жашоодо жаңы нерселерди үйрөнүп, ачууга далалат кылып келет.

Ала-Тоону унутпаган спортчу. Учурда Евгений Ваккер үй-бүлөсү - жубайы, эки уулу, бир кызы менен Германияда жашайт. "Даңк" жана "Манас" орденинин ээси мындан ары машыктыруучулук менен алектенүүнү көксөп жаткан кези. Ал кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк аренага алып чыгууга даярдамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0